09 апрель 2024

Кароолор: 154

Республикалык олимпиадада Нарын облусу башка аймактар арасында биринчиликти камсыздады

Быйыл билим берүү тармагына көрүлгөн аракеттер жемишин берип, республикалык олимпиадада 6 окуучу байгелүү орундарды камсыздап, башка облустардын арасында Нарын облусу биринчи орунга чыкты.

Билим сынагында Нарын облусунун намысын коргоп келген окуучуларды бүгүн, 9-апрелде Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов куттуктап, шыктандыруучу китептердин топтомун белек кылды. Ошондой эле даярдаган мугалимдерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары ыйгарылды.

Өз сөзүндө облус жетекчиси азыркы бирден бир максатыбыз билим берүүнүн сапатын көтөрүү экендигин баса белгилеп, окуучуларга жана мугалимдерге шыктандыруучу кеп-кеңештерин берди.

Белгилей кетсек, республикалык олимпиада Химия сабагы боюнча биринчи орунду Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Эрмек Саматов;

Информатика сабагы боюнча биринчи орунду аталган лицейдин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков;

Англис тили сабагы боюнча 2-орунду Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Алина Нарынбекова;

Орус тили, адабияты сабагы боюнча экинчи орунду Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы гимназия мектебинин 9-классынын окуучусу Рабия Шайырбекова;

Кыргыз тили, адабияты сабагы боюнча үчүнчү орунду Ат-Башы районундагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айгерим Кубаталиева;

Орус тили, адабияты сабагы боюнча үчүнчү орунду Ак-Талаа районундагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бактыбек кызы Камила камсыздашты.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.