30 май 2025

Кароолор: 9

РОССИЯНЫН РАСМИЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫНЫН ИШ САПАРЫНДА НАРЫН ШААРЫНДАГЫ В.ЧКАЛОВ АТЫНДАГЫ №2 МЕКТЕБИНЕ 550 КИТЕП ЖАНА МУЛЬТИМЕДИАЛЫК ТЕЛЕВИЗОР ТАПШЫРЫЛДЫ

Россия Федерациясынын Президенттик администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги Игорь Маслов башында турган орус делегациясынын Нарынга расмий сапарынын алкагында Валерий Чкалов атындагы №2 мектебине белектер тапшырылды. Белектер «Россотрудничество» мекемеси жана «Бишкек Солар» компаниясынын колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп парламентинин мүчөлөрү мектепти тааныштырып, андан соң окуучулар орус улуттук ыр, бийи коштолгон концерттик программа тартуулашты. окуучулары ОсОО «Бишкек Солар» компаниясынын директору Михаил Федько мектепке адабият, гуманитардык жана так илимдер боюнча 550 китеп тапшырды. Бул белек Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин колдоо боюнча «Россотрудничество» программасынын алкагында берилди. «Россотрудничество» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев белгилегендей, бул китептердин тапшыруусу өлкөдөгү мектептерге окуу китептери жана адабияттар берилген кеңири масштабдагы демилгенин бир бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, директор ЖЧК «Бишкек Солар» (ООО «Юнигрин Энерджи») директору Михаил Федько мектепке заманбап мультимедиалык телевизор белекке берди. Ал билим берүү процессин жакшыртуу максатында колдонулат.

Валерий Чкалов атындагы №2-гимназия мектеби негизделгенине 90 жылдан ашты. Бул окуу жай билим берүүнүн жана тарбиялоонун жогорку деңгээли, ошондой эле маданий жана билим берүү долбоорлорунда активдүү катышуусу менен белгилүү.

Игорь Маслов мектептин жетекчилигине жана окуучуларына билимге болгон умтулуусу жана өнүгүүгө болгон аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ал билим берүү тармагын колдоо Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин маанилүү багыты экенин баса белгилеп, Россия Кыргызстандагы билим берүү инфраструктурасынын өнүгүшүнө мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бул визит Россия менен Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык кызматташууну чыңдоонун жана эки элдин өнүгүүсүнө багытталган билим берүү демилгелерин колдоонун маанилүү кадамы болду.