08 ноябрь 2025

Кароолор: 7

С. АНДАБЕКОВ МЕНЕН К. КАРАСАРТОВАНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Театр искусствосунун көрүнүктүү чеберлери, Кыргыз Эл артисттери Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын 100 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечеси болуп өттү.

Мааракеде М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлүп, анын алкагында өнөр жубайларынын элесине арналган эстелик ачылып, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Театр артисттери улуу инсандардын сахнада жараткан белгилүү образдарын жана ырларын кайрадан аткарышты.

Иш-чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева катышып, кыргыз театр өнөрүнүн кош жылдыздарынын чыгармалары элдин жүрөгүндө жашап келгенин жана келечек муун үчүн чоң үлгү экенин белгиледи.

Эске салып өтсөк, Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартова өз мезгилинде кыргыз элине гана эмес, чет элдик көрүүчүлөргө да өнөрүн тартуулап, эл аралык деңгээлде таанылган. Алар кыргыз театр өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошушкан.