30 апрель 2026

Кароолор: 7

САЛАМАТТЫК САКТОО МЕКЕМЕЛЕРИНИН КУРУЛУШТАРЫ ӨЗ НУГУНДА ЖҮРҮҮДӨ

Облус башчысы 30-апрель күнү Нарын шаарында саламаттык сактоо тармагында курулуп жаткан бир катар объектилерди кыдырды.

Иш сапардын алкагында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана ага караштуу №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы салынып жаткан имараттарынын курулушу менен таанышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.