09 июль 2025
Кароолор: 4
САЛЫМБЕКОВ ОКУУ ЖАЙЫНА КОШ ДИПЛОМДУУ ОКУУ ПРОГРАММАСЫНА ОБЛУСТАН 10 БҮТҮРҮҮЧҮ БЕКЕР ОКУТУЛАТ

Бүгүн, 9-июлда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиеванын катышуусунда Нарын шаарындагы Салымбеков университетинде жогорку билим, орто кесиптик билим берип, кош дипломдуу окуутуу боюнча конференция болуп өттү.
Салымбеков университетинин президенти Амангелди Жумадиловдун айтуусу боюнча, бул окуу жайда медицина, ишкердик жана IT багытында 2 жылдык окуу жүргүзүлүп, андан соң чет жактарга билимин жогорулатуу үчүн окутууга шарт түзүп берерин айтты.
Жана ошондой эле, нарындык жогорку балл алган 10 бүтүрүүчүнү бекер окутарын убадалады.