23 сентябрь 2025

Кароолор: 27

САПАТСЫЗ ЖАЗАЛГАН КАНАЛДАР ӨКҮЛДҮН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН КАЙРА ЖАЗАЛУУДА

Бүгүн, 23-сентябрда Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Шоро айылында жайгашкан “Ак-Суу” каналынын курулуш иштери менен таанышты.

Өкүл жеринде сапатсыз аткарылган каналды кайра жасоо боюнча тапшырмаларды берип, курулуштун бардык талаптарга жооп берүүсүн жана жарандар үчүн натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоону белгиледи.