15 апрель 2026
Кароолор: 15
ШААРДЫН БАТЫШ ЧӨЛКӨМҮН КУРУУ БОЮНЧА ПЛАНДОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

15-апрель күнү облус башчысы менен шаар мэри тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте шаардын батыш чөлкөмүн куруу жана өнүктүрүү боюнча пландоо иштерин жүргүзүштү.
Анын жүрүшүндө аталган аймакты максаттуу өздөштүрүү, инфраструктуралык шарттарды жакшыртуу, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо жана аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелери талкууланды.