07 март 2025

Кароолор: 77

ШАБДАН АБДЫРАЙЫМ УУЛУ МОСКВА ШААРЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАНА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН СООДА-ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАЛАРЫ ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН БИЗНЕС-ФОРУМГА КАТЫШТЫ

2025-жылдын 5-6-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын соода-өнөр жай палаталары тарабынан уюштурулган бизнес-форум өттү. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу «Нарын облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү» аттуу презентация менен чыгып сүйлөдү.

Презентацияда Нарын облусунун негизги бизнес артыкчылыктары белгиленди:

1.Нарын облусу Кытай өлкөсү менен чектеш жайгашкан жана облус аркылуу эл аралык темир жолдун негизги бөлүгү өтөт;

2. Нарын облусу жер аянты боюнча Кыргызстандагы эң чоң регион болуп саналат, атайын өндүрүш аймактары уюштурулган;

3. Облустун аймагы толугу менен эркин экономикалык аймак (ЭЭА) болуп эсептелинет жана ЭЭА өндүрүшчүлөр үчүн бир топ салыктык, бажы жеңилдиктери каралган;

4. Бүгүнкү күнү облуста ири экономикалык долбоорлор башталып жатат жана алар мультипликативдүү эффект берет;

5. Облуста чоң энергетилакык потенциал бар: 4200 мВт- гидро, 2500 мВт- күн, 1700 мВт- шамал энергиясын пайдаланып элекроэнергия чыгарса болот;

6. Туристтердин саны жыл сайын көбөйүүдө. 

Шабдан Абдырайым уулу өз сөзүндө өлкөдөгү жана аймактагы өзгөрүүлөр, тышкы инвестициялардын өсүшү жана облуска өндүрүштү уюштуруунун артыкчылыктары тууралуу айтты. «Соңку 2 жылда Нарын облусуна акыркы 30 жылдан 3 эсе көп тышкы инвестициялар тартылды», - деп билдирди. Ошондой эле ал, облуска эң баалуу жана артыкчылыктуу инвестор биздин мекендештерибиз - ишкерлер экендигин белгиледи. 

Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу Москвада өтүп жаткан бизнес форумда Орусияда эмгектенип, каражаты пайда болуп, ишкерлик кылып жаткан мекендештерге кайрылды. “Биз дүйнөдөгү болгон инвесторлорду бизге келип бизнес ачкыла деп чакырып жатабыз, бирок биздин эң кымбат инвестор- бул сиздерсиздер. Сиздер келип ишкана ачып, жумуш ордуларын түзсөңүздөр - бул биз үчүн эң маанилүү долбоор болот”- деди облус башчынын орун басары.