26 сентябрь 2025
Кароолор: 9
«СМАРТ-НАРЫН-24» ДОЛБООРУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 26-сентябрда облус башчысынын биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда «Смарт-Нарын-24» долбоору боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйында долбоордун бир жыл ичинде аткарылган иштеринин жыйынтыгы угулуп, жетишкендиктери жана кетирилген кемчиликтери талкууланып, аны дагы максатуу колдонуу багытында кошумча сунуштар айтылды.
Жана ошондой эле биринчи орун басар Руслан Сапарбеков аталган долбоор максатына толук жетпегенин баса белгилеп, тиешелүү жактарга эскертүү берип, кетирилген катачылыктарды тез арада жоюуну тапшырды.