22 апрель 2025
Кароолор: 50
С.НААМАТОВ АТЫНДАГЫ НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

Бүгүн 2025-жылдын 22-апрелинде С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине жаңы ректор болуп Исабеков Тилек Асанакунович дайындалды.
Ректорду университеттин жамаатына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева тааныштырды. Аны менен катар ректорлукка дайындоо боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен тааныштырып, жамааттын ишине ийгиликтерди каалады жана 3 айдын ичинде билим берүүдөгү жаңыча багыттар, өнүгүү боюнча программасын иштеп чыгууну тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров ректордун басып өткөн эмгек жолу менен таанышып, билими жана тажрыйбасы айыл чарба багытында мол экенине кубанып турганын жашырган жок. Нарын облусу айыл чарба багытындагы аймак болгондуктан, бул багыттагы долбоорлор көп, бирок кесипкөй адистерге муктаж. Андыктан айыл чарба багытындагы адистерди даярдоого дагы көңүл бурулат деген ишенимин билдирди.
ИСАБЕКОВ ТИЛЕК АСАНАКУНОВИЧТИН КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНЫ
Исабеков Тилек Асанакунович — техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери. 1966-жылдын 20-мартында Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1989-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун гидромелиорация факультетин инженер-гидротехник адистиги боюнча бүтүргөн. Кийинчерээк, 1999-жылы Менеджмент жана укук юридикалык адистик боюнча аяктаган. 2002–2005-жылдары мелиорация багытында аспирантураны, ал эми 2009–2014-жылдары Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде гидрология жана суу ресурстары багытында докторантураны бүтүргөн.
2010-жылы ага «Мелиорация» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы берилген. 2015-жылы техника илимдеринин доктору болгон. 2024-жылы ага профессор наамы ыйгарылып, ошол эле жылы илим жана билим берүү тармагындагы эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.
Эмгек жолу ар түрдүү мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги кызматтар менен тыгыз байланышта. Ал суу чарба системасында инженерден баштап жетекчилик кызматтарга чейин иштеп, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Илимдер академиясынын түзүмдөрүндө жетекчи, ошондой эле эл аралык уюмдарда (Азия Өнүктүрүү банкы, ОБСЕ, Дүйнөлүк банк) эксперт жана координатор катары эмгектенген.
2018-жылдан бери Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Суу ресурстар жана инженердик дисциплиналар» кафедрасында профессордун милдетин аткарып келген.
Илимий ишмердүүлүгү: 45тен ашуун илимий эмгек, 4 илимий-методикалык колдонмо, 3 ойлоп табууга патент, 2 автордук күбөлүк, 2 монография, анын ичинде суу ресурстарын бөлүштүрүү жана каналдардагы агымдарды жакшыртуу маселелерине арналган эмгектери бар. 2021-жылы анын авторлугунда «Суу чарбасы боюнча орус-англис сөздүгү» жарык көргөн.
Тилек Асанакунович мелиорация, суу ресурстарын башкаруу жана регионалдык кызматташтык тармактарында Борбор Азиядагы алдыңкы адистердин бири катары белгилүү.