10 июль 2025

Кароолор: 4

СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ МЕНЕН ГҮЛ ДҮКӨНҮНҮН АЧЫП КҮНҮНӨ 15000 СОМГО ЧЕЙИН КИРЕШЕ ТАПКАН ИШКЕР АЙЫМ

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Бегимай Бекболот кызы 2024-жылы мамлекеттен «Социалдык келишим» менен 100 миң сом алып гүл дүкөнүн ачып ишкердигин баштаган.

Бүгүнкү күнү тапкан кирешеси

күнүнө 3 миңден 15 миң сомго чейин жетип, баштаган ишинен ийгилик жаратып келет.

Облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева ишкердин чакан гүл дүкөнүнөн кабар алып, жазап жаткан иштери менен жеринен таанышты.

Мамлекеттик колдоону туура пайдаланып, башкаларга үлгү болуп, жакшы жыйынтык чыгарып жаткан үй-бүлөнүн ишине ийгилик каалады.

Ишкер айым бүгүнкү күнү гүл дүкөнүн дагы кеңейтүүгө аракеттерди көрүп жатканын айтып, социалдык келишим менен иш баштайм деген

үй-бүлөлөргө коркпой, күндө пайда алып келүүчү долбоорлорду

даярдоону сунуштады.