10 июль 2025

Кароолор: 3

СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ МЕНЕН ИШКЕРЛИККЕ БАГЫТ АЛГАН 89 ҮЙ-БҮЛӨГӨ 150 МИҢ СОМДУК СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 10-июлда Ак-Талаа районунда социалдык келишим менен ишкерлик кылууга бел байлаган 89 үй-бүлөлөргө 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Тапшыруу аземине облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева, район жетекчисинин орун басары Каныбек Эсеналиев, Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Эрлан Качкынбаев катышты.

Айдана Иманалиева бүгүнкү күнү мамлекет социалдык колдоо көрсөтүп, ишкерликти алып кетүүгө жардам берип жатканда мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып калууну суранды. Ошондой эле буга чейинки келишим менен алган үй-бүлөлөрдүн айрымдары ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзүп жатканы баардыгына үлгү болгонун баса белгиледи.

Бүгүнкү тапшырылган социалдык келишимди дээрлик көпчүлүгү мал чарбачылыгы боюнча алса, калганы пескоблок, унаа желимдөөчү, соода тармагы, тигүүчүлүк боюнча алышат.

Район боюнча быйылкы жылга 147 квота бөлүнсө, бүгүнкү күнү 89 үй-бүлөсүнө сертификаттар берилди.