04 июль 2025

Кароолор: 33

СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары жана район аралык  социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери менен жыйын өттү. 

Анда социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана 2025-жылга мамлекеттик социалдык заказдын программасын ишке ашыруу  маселелери каралды.

Маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө облус боюнча 315 арыз комиссияда каралып 105 адамга соцконтракт берилген. Ал эми мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун утуп алган коммерциялык эмес уюмдардын саны 14.

А.Иманалиева жетекчилерге документациялык иштерге так болууга чакырып, ушул жылдын 15-сентябрына чейин каражаттарды берүү боюнча тапшырма берди.