26 июль 2025
Кароолор: 9
СОҢ-КӨЛДӨ «МАНАС, МАДАНИЯТ, ТУРИЗМ» ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП, КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ ДАҢАЗАЛАНДЫ

Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" жарлыгынын алкагында "Манас, маданият жана туризм" фестивалы биринчи орун басар Айдана Иманалиеванын катышуусунда болуп өттү.
Бул иш-чара кыргыз элинин улуттук нарк-насилдерин даңазалоого, каада-салтын, маданиятын, улуттук кийимин, тамак-ашын жана "Манас" эпосун дүйнө жүзүнө жайылтуу, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө арналган.