21 август 2025
Кароолор: 14
СҮТ СЕКТОРУН КОЛДОО ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖАБДЫКТАР БЕРИЛДИ

Бүгүн, 21-августа дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Нарын облусунун фермерлерине жалпы наркы 3 млн 92 миң сомдук жабдыктар тапшырылды. Алардын ичинде 33 даана сүт саачу аппарат жана 349 даана атайын мал алдына төшөлчү желим килемчелер бар.
Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөгул Беков жана фермерлер катышышты.
Жабдыктар сүт секторундагы фермерлердин ишин жеңилдетүүгө жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.