30 декабрь 2024
Кароолор: 45
Таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 30-декабрында, Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды
Ишкана полиэтилен баштыгын жана желим бөтөлкөлөрдү ээритип, кум аралашмасы менен брусчатка чыгарат. Бул долбоордун алкагында 5 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бир айда болжолдуу 4500 даана брусчатка чыгарууну пландалып жатат.
Долбоорго Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 млн 500 миң сом, ал эми АРИС АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында 4 млн 100 миң сомго таштандыны кайра иштетүүдө керектелүүчү жабдуулары алынган.
Аталган ишкана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата пландаштырылган 100 объектинин катарында.
Жыл ичи Нарын облусунда жалпы 17 объект ачылып, анын 11-социалдык объект болсо, 7 – экономикалык объект болуп эсептелет.