08 февраль 2024

Кароолор: 316

Таза суу менен камсыз кылуудагы тариф маселеси талкууланды

Бүгүн, 8-февралда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) “Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын алкагында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш чарада айыл жергесин ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тариф саясаты талкууланды.

Тегерек столго КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) “Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын координатору Уланбек Байгөнчөков жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн, айылдык Кеңештердин, муниципалдык ишканалардын, финансы башкармалыктарынын, программанын өкүлдөрү катышты.

Иш чарада облус жетекчисинин биринчи орун басары Адыл Сапаров өткөн жылы аталган программанын алкагында 28 айылга таза суу киргизүү жумуштары башталса, быйыл дагы 15 айылга донорлор табылып, иш башталганы турганына кубанычта экенин билдирди. Айрыкча райондордун борборлоруна таза суу кирип жатканы жакшы жетишкендик экенин белгиледи. Ошол эле учурда таза суунун тарифтерин аныктап, муниципалдык ишканалардын элге сапаттуу кызмат кылуусуна шарт түзүү бүгүнкү күндүн талабы экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Нарын облусунда КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) “Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 43 айылга таза суу киргизилип жатат.

Долбоордун биринчи этабы менен 28 айыл киргизилип жумуштар аткарылууда. Экинчи этап менен дагы 15 айыл долбоорго кирди.

Бүгүнкү күнгө, 28 айылдын ичинен 7 айылда - Нарын районунун Орто-Саз, Жан-Булак, Жалгыз-Терек, Ак-Кыя, Орук-Там, Төш-Булак жана Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдарында курулуш иштери жүрүүдө. Ал эми, 2023-жыл ичинде Орто-Саз, Төш-Булак, Жалгыз-Терек айылдарындагы обьекттер пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттен каржылануучу обьектилердин тизмесине кирген 4 обьектиде ичүүчү суу системасын реабилитациялоо иштери жүргүзүлүп, 3 обьект пайдаланууга берилди.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп жаткан 8 обьектиде курулуш иштери жүргүзүлүп, колдонууга берилди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.