18 декабрь 2024

Кароолор: 55

ТИКА Нарын облусуна колдоо көрсөтүүсүн улантат

Мындай пикирди бүгүн,17-декабрда Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодур КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу менен жолугушууда билдирди. 

Жолугушууда учурдагы долбоорлор жана биргелешкен программалар боюнча келечектеги кызматташуу пландары талкууланды.

Жолугушууда Ш.Абдырайым уулу ТИКА менен болгон кызматташуунун маанисин белгилеп, агенттиктин Нарын облусунда маанилүү долбоорлорду ишке ашыруудагы колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде, Мехмет Бодур региондорду өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди колдоону улантышарын жана Нарын облусундагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү каралаарын айтты.

Буга чейин ТИКАнын катышуусунда Нарын аймагында бир нече долбоорлор ийгиликтүү ишке ашканын эске салсак: 

  1.  Ат-Башы райондук жалпы  дарыгерлер практикалык борборунун  Ат-Башы айлындагы үй  бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына 2019-жылы “ТИКА” Түрк кайрымдуулук фонду тарабынан капиталдык ремонт иштери наркы 6 000 000 сомго  жүргүзүлгөн;
  2. Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун  Бирлик айылдык фельдшердик акушердик пункту 2017-жылы курулган. Сметалык наркы 2 500 000 сом. 
  3. Нарын районунун Эмгек-Талаа  айлындагы фельдшердик акушердик пункту 2 000 258 мин сомго 2017-жылы курулуп  бүткөн. 
  4. Сатыбалды Нааматов атындагы  Нарын мамлекеттик университети, Түркия Республикасынын КР элчилиги жана агенттиктин ортосундагы келишимдин  негизинде НМУнун башкы корпусунда ТИКА агенттигинин колдоосунда Түрк тили жана маданияты борбору толук ремонттон өткөн. Заманбап жасалгаланып, НМУнун студенттери гана эмес Нарын шаарынын Түрк тилин үйрөнөм деген ар бир каалоочусу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. 
  5. С.Нааматов атындагы НМУ тарабынан агенттиктин менен кызматташуунун алкагында түрк мугалими Нарын шаарынын 150 дөн ашуун каалоочуларын  бекер түрк тилине үйрөтүп, сертификат тапшырылган.