19 апрель 2025
Кароолор: 29
ТОГОЛОК -МОЛДО АЙЫЛ АЙМАГЫНДА АЙДОО АЯНТТАРЫН ЖАНА СУГАТ КАНАЛЫН НАРЫН ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭК ЭРОЗИЯСЫНАН КОРГОО МАКСАТЫНДА ДАРЫЯНЫН НУГУ БУРУЛДУ

2025-жылдын 10-апрелинен тартып 18-апрелине чейин Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айыл аймагында жүргүзүлгөн иштерге Облустук, Райондук Жарандык коргоо кызматтарынан жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 7 бирдик инженердик техникалар тартылган (4 эксковатор, 2 погрузчик, 1 бульдозер).
Казуу иштери Нарын облусунда жүргүзүлгөн республикалык команда-штабдык машыгуунун алкагында өттү.
Натыйжасында Нарын дарыясынын 90% суусу агып өткөн негизги нугунун болжолдуу 70-80% коопсуз тарапка бурулду жана 2025-жылдын 21-22-апрелдеринде негизги нугун толук буруу иштери пландалууда.
Себеби азыркы учурда жаңы казылган сайдын таманы агым менен жуулуп өтүп, табигый нуктун калыптанышы жүрүүдө.
Жаңы казылган сайдын нугу калыптанып, тереңдеген соң дарыянын негизги агымын толук буруу аракеттери КР ӨКМнин экскаваторунун жардамы менен жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.