10 апрель 2025
Кароолор: 17
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ ДАРЫЯ ЖЭЭГИН БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, 2025-жылдын 10-апрелинде, КР Президентинин Нарын облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Ак-Талаа районуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу “Чекенди-Талаа”, “Кызыл-Эмгек” участкаларындагы жээк эрозиясын алдын алуу иштери менен таанышты.
Облус башчысынын тапшырмасы менен Жарандык коргонуу комиссиясынын курамындагы кызматтар учурда атайын техникаларынын жардамы менен иш алып барып жатат. Аталган участокто жаз-жай айларында суунун көлөмү көбөйүп, “Нарын” сугат каналын жана айыл чарба багытындагы айдоо аянттарын эрозия алып кетүү коркунучу жогору болгондуктан, жээк бекемдөө иштерин жүргүзүүдө.
Табигый кырсыктарды алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу маселелерин чечүү максатында жыл башында Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 250 миң сом бөлүнгөн. Каражат жеринде изилдөө, топосъемка,геоизилдөө жана башка доолбоордук-сметалык жумуштарына жумшалды.
Нарын облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын протоколуна ылайык, Нарын дарыясынын нугун буруу иштерине Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын, Жол чарба департаментинин №2 аймактык бөлүмүнүн жана райондук жарандык коргонуу кызматтарынын керектүү инженердик техникалары тартылды.