02 апрель 2024

Кароолор: 10

Тоолуу региондорду өнүктүрүүнун 5 жылдык концепциясы талкууланды

Учурда өлкөбүздүн бардык аймактарында “2023-2027-жылдардагы тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери” боюнча маалымат берүү жана түшүндүрүү өнөктүгү жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасы тоо күн тартибин илгерилетүү, тоо экосистемаларын жана тоолуу региондордун жашоочуларынын көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча демилгени көтөрүп, глобалдык деңгээлде тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча эл аралык аракеттерге жигердүү катышууда.

Белгилүү болгондой, КР Президенти С.Н. Жапаровдун 2023-жылдын 15-сентябрындагы №237-Жарлыгы менен 2023-2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдун 2023-жылдын 24-ноябрындагы №735-р Токтому менен Концепция жана Жол картасы бекитилген.

Бүгүн, 2-апрелде Нарын облусунда “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата беш жылдыгын” ишке ашыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш чарасы болду.

Жыйынга район, шаар жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын, жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын, билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Н.Айтмурзаев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башчысы Б.Чороев, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын эксперти М.Анарбаев тарабынан Концепция боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Мындан кийин “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата беш жылдыгынын” алкагында Нарын облусунун аймагында жасалып жаткан иштер жана көңүл бура турган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.