05 август 2025
Кароолор: 13
ТОРУГАРТ ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИН ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА ИШТЕР КҮЧӨТҮЛДҮ

Бүгүн, 5-августта Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөрүп, Торугарт өткөрмө бекетиндеги тартип, тазалык жана инфраструктура маселелерин чечүүгө тапшырма берди. Ал буга чейин да жыйын өткөнүн эске салып, маселелер чечилбей жатканын белгилеп, мындан ары тапшырмаларга так мөөнөт коюларын жана аткарылбаса катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Бажы инфраструктурасынын Чыгыш филиалынын жетекчилигине жолдогу эскертүү белгисин коюу жана камера орнотуу үчүн 1 жума, таштанды маселесин чечүү үчүн 3 күн убакыт берилди. “Нарын Транс” коомдук бирикмесине унааларды шаар ичинде токтотпоого жана тазалыкты сактоого милдеттенме жүктөлдү.