14 июль 2025

Кароолор: 8

ТОРУГАРТ ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨР ТАЛКУУЛАНДЫ

Ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Ат-Башы районундагы “Торугарт” өткөрмө бекетинде болуп, ал жактагы көйгөйлөрдү талкуулады.

Учурда маселе болуп жаткан чоң унаалардын кезегин тездетүү, инфраструктураны жакшыртуу, онлайн камераларды коюу, тартиптик чараларды эскертип турган такталарды илүү жана таштандыларды чыгаруу, ирээтке келтирүү сыяктуу тапшырмаларды тиешелүү кызматтарга берди.