05 февраль 2025

Кароолор: 79

Транспорт жана коммуникациялар министри А.Сыргабаев III Элдик курултайдын делегаттары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна иш сапары менен келип III Элдик курултайдын делегаттары менен жолукту.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров иш-чараны ачып, облустун жол тармагындагы негизги иштерге токтолду. 

Маалыматта Нарын облусунда 9 жол тейлөө ишканалары (ЖТИ ) иш алып барат. Алардын техникалык базасын чыңдоо максатында министрлик тарабынан автогрейдерлер, 15 тонналык автосамосвалдар, каток (тротуарга), асфальт кескич (фреза), таптагыч (ручной каток), компрессор, кран-манипулятор, кум чачкыч жана алдыңкы калагы бар машина, автомашина (дубль кабина), автогудронатор (битум чачуу), автопогрузчик, МДК (кар тазалоочу техника), асфальто укладчик, экскаватор, асфальто бетон заводу, таш талкалоочу жабдуу болуп жалпы 73 жаңы техника берилгенин билдирди.

Министр А.Сыргабаев КР Президенти С.Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет тарабынан республикадагы жол курулушу, оңдоо иштерине каражат жылдан жылга көп бөлүнүп жатканын билдирди. Мурда жолго 3-4 млрд сом акча каражаты бөлүнүп турса, быйыл 25-30 млрд сом акча каралат деп пландалууда.

2025-жылга Нарын облусунун жолдорун оңдоо боюнча титулдук тизмеге киргизилген унаа жолдорун атап өттү. 

  • Нарын-Оруктам унаа жолунан 5 км
  • Баетов – Макмал – 5 км
  • Акталчат – Жогорку-Май – 4 км
  • Ат-Башы- Кында – Торугарт – 3 км
  • Чар - Ак-Муз – 3 км
  • Калинин –Погранич-Кызылтуу – 3 км
  • Сары-Булак – Соң-Көл – 3 км

Жалпы 26 км жолго оңдоп түзөө иштери жүрөт. Андан тышкары, Нарын-Оруктам жана Жумгал-Түгөл-Сай унаа жолдорунда көпүрөнүн курулушу башталат.

2024-жылы декабрда өткөн III Элдик курултайдан Нарын облусунан 40 чукул кайрылуу келип түшкөнүн, президенттин тапшырмасына ылайык план түзүлүп, жер-жерлерде жолугушуулар өтүп жатканын маалымдады. “Курултайда айтылган маселелер сөз боюнча калбайт. Колдон келген жумуштарды аткарып, каражаттын жетишинче  көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттерди жумшайбыз”, - деди министр. 

Нарын облусунан шайланган делегаттар кезеги менен А.Сыргабаевге суроолорду берди. 

Нарын-Баетов унаажолу,  Кара-Кужур өрөөнүнө кеткен жол, Лахол - Жер-Көчкү, Орук-Там, Ат-Башы-Ача-Кайыңды, Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун курулуштары жана Нарын шаарынын Интернат-Ак-Кыя жолунун, Ак-Муз-Чар унаажолунун сапатынын начардыгын айтышты. Мындан тышкары, Төлөк айылынын окуучулары 20 км алыстыктагы мектепке мамлекет берген автобус менен барып калганын айтып, бирок, жолдун начардыгынан балдарга мектепке барып-келүү ыңгайсыз болуп жатканына билдиришти. Ал эми Калмак-Ашуусу менен Соң-Көлгө жайлоого барчу жолду апрель айлары менен эртелеп кырдырып берүүсүн өтүнүштү. Анткени, жаз алды менен Соң-Көл тарапка туристтер келе баштайт. 

А.Сыргабаев титулдук тизмеге, капиталдык салымдарга кирген бардык жумуштар  аткарыларын, ал эми Нарын шаарынын Ж.Шералиев атындагы жана Ленин көчөлөрү быйыл бүткөрүлөрүн билдирди. Миң-Куштун 22 км унаа жолунун жасалышын тендерге коюп, подрядчик аныкталса курулуш башталат. Делегаттардын талабына ылайык, министр жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине жолду сапаттуу салууну тапшырып, катуу көзөмөлгө алынарын эскертти.