22 январь 2026
Кароолор: 48
ТУРЦИЯНЫН АНКАРА ШААРЫНДАГЫ «ОКУР» ЗАВОДУНУН ЗАМАНБАП АСФАЛЬТ-БЕТОН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен Турциянын Анкара шаарында жайгашкан “Окур” заводунун негиздөөчүсү Салих Окур келип, заводдун ишмердүүлүгү жана асфальт-бетон өндүрүү тармагындагы заманбап техникалар менен жаңы технологиялар тууралуу кеңири маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө бул завод чыгарып жаткан асфальт-бетон төшөөчү жаңы үлгүдөгү техникаларды, алардын мүмкүнчүлүктөрү, натыйжалуулугу жана инновациялык технологиялар аркылуу арзан баада, ошол эле учурда сапаттуу бетон төшөө ыкмалары боюнча презентация жасалды.
Облус башчысы бул сунуш облустун өнүгүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, айрым мүмкүнчүлүгү бар айыл өкмөттөр “Окур” заводу менен келишим түзүп, биргелешип иш алып барса, бюджеттик каражаттар үнөмдөлүп, иштин сапаты жогорулап, жакшы натыйжаларга жетишүүгө болорун билдирди.