25 апрель 2025

Кароолор: 9

ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА НАРЫН ОБЛУСТУК КЕҢЕШТИН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ ӨТТҮ

2025-жылдын 25-апрелинде Нарын шаарында Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча облустук Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик органдар, туризм секторунун өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты. Онлайн форматта жыйынга райондордон да өкүлдөр кошулду.

Жыйындын жүрүшүндө бир нече баяндамалар угулду. 

Иш-чараны Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Элмира Турганбаева ачып, 2024-жылдагы туризм секторунун көрсөткүчтөрүн, ийгиликтерин жана 2025-жылга карата негизги максаттарды белгиледи.

Ал эми Туризм департаментинин директорунун орун басары Малика Молтоева мамлекеттик саясат жана стратегиялык өнүгүү тууралуу маалымат берди. Каржыланган долбоорлор тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун өкүлү Салтанат Корчуева маалымат берсе, Жаратылыш ресурстары министрлигинин Нарын башкармалыгы Рахат Токталиев  экологиялык талаптарды сактоо боюнча маалыматын айтты. “Орхус” борборунун менеджери Самат Калмуратов  борбордун ишмердүүлүгү тууралуу, Финансы-Кредит фондунун Нарын бөлүмүнүн жетекчиси Бекмаат Туркбаев — “Теңир-Тоо” фондунун ишмердиги жөнүндө, ошондой эле “Эко Септик” компаниясынын жетекчиси Мирлан Кожоназаров саркынды сууларды тазалоо чечимдери тууралуу маалымат беришти.

Жыйында ишкерлер тарабынан адситерге суроолор берилип, талкуу журдү.  

Соңунда Нарын облусунун жетекчилиги тарабынан 2025-жылдагы жайкы туристтик сезондо ийгиликтүү иш алып баруу үчүн төмөнкүдөй конкреттүү тапшырмалар коюлду:

Жол боюндагы тейлөө объекттери стандартка ылайыктап бир типке келтирүү, мыйзамсыз тейлөө объекттерин жоюу, жашылдандыруу жана экология багытында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында туристтик зоналарда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жургүзүү, Соң-Көл, Кел-Суу, Чатыр-Көл жана башка көлдөрдүн жээктеринде жана популярдуу туристтик аймактарда санитардык тазалыкты камсыз кылуу, таштандыларды чогултуу жана профилактикалык ишембиликтер өткөрүү, экологиялык регламенттерди сактоо, инфратүзүмдү жакшыртуу: туристтик аймактардагы жолдор, көпүрөлөр, дааратканалар жана тейлөө пункттарын жакшыртуу, жаңы даараткана жана саркынды сууларды тазалоо системаларын куруу (Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору жана Нарын шаарынын белгиленген тилкелери).

Жыйынтыгында, облустук кеңеш туризмди өнүктүрүүдө мамлекеттик органдар, бизнес коомчулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, 2025-жылдын туристтик мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык тараптарды активдүү катышууга чакырды.