14 ноябрь 2025
Кароолор: 6
ТҮРКИЯДА НАРЫН ОБЛУСУНУН САЛАМАТТЫК САКТОО БОЮНЧА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Түркияга болгон иш сапарынын алкагында бир нече алдыңкы ооруканалардын жетекчилери менен жолугушуп, Нарын облусу үчүн маанилүү медициналык кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдө Нарын облусуна Түркия мамлекетинин демөөрчүлүгү астында заманбап ооруканаларды куруу, түркиялык дарыгерлерди мезгил-мезгили менен Нарынга алып келип облус тургундарынын ден соолугуна кам көрүү, жергиликтүү медицина кызматкерлерин Түркияга тажрыйба алмашуу үчүн жөнөтүү жана ал жакта болуп жаткан татаал жана кымбат операцияларга нарындыктарга жеңилдик берүү сыяктуу багыттар каралды.