17 ноябрь 2025
Кароолор: 5
ТҮРКИЯГА ИШ САПАР: ДОСТУК МЕМОРАНДУМДАРЫ ЖАНА АСФАЛЬТ ЗАВОД КУРУУ КЕЛИШИМИ ТҮЗҮЛДҮ

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн Түркия мамлекетине жасаган иш сапары жемиштүү аяктады.
Сапардын алкагында Нарын шаары Низип шаары жана Анкара шаарынын Кахраманказан району менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду. Бул документтер Нарын шаарынын социалдык жана экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Мындан тышкары, асфальт жол салуунун заманбап технологияларын чыгаруучу түрк компаниясы менен Нарын облусунда жаңы асфальт заводун куруу боюнча жана башка өндүрүштүк ишканалары менен кызматташтык келишимдери түзүлдү.