23 май 2026
Кароолор: 10
ТҮРКИЯНЫН НИЗИП ШААРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МААНИЛҮҮ ЖОЛУГУШУУ БОЛУП ӨТТҮ

23-май күнү облус башчысы Нурбек Сатаров Түркия Республикасынын Низип шаарынын мэри Али Доган баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушууга Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев, Низип шаарынын мэринин орун басары Хасан Чалыш, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода өкүлү Чыңгыз Эсенгул уулу жана тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Нарын шаарындагы “Москва” чөлкөмүнө Низип шаарынын атынан бардык заманбап жабдыктары менен бала бакча куруу боюнча сунуштар айтылды.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын июль айынын ортосунда Низип–Газиантеп–Нарын багытындагы инвестициялык форум өткөрүү маселеси дагы сүйлөшүлүп, эки тарап кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилешти