02 ноябрь 2024
Кароолор: 15
Туюк-Суудагы уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери аяктап жатат

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Жумгал районуна болгон иш сапарында Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштеринен кабар алды.
Белгилей кетсек, Россия Федерациясынын Росатом холдинги тарабынан атайын долбоордун негизинде Миң-Куш айыл өкмөтүнө караштуу Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүргүзүлүп келген.
Облус жетекчиси менен баарлашуу учурунда аталган компаниянын өкүлдөрү иштер дээрлик аягына чыгып калганын, уран калдыктарын көчүрүүдө бардык коопсуздук эрежелери сакталганын билдиришти.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.