15 февраль 2026
Кароолор: 10
ҮЧ КҮНДҮК ПРЕСС-ТУР ТАШ РАБАТ КЕРБЕН-САРАЙЫН КӨРҮҮ МЕНЕН ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Үч күнгө созулган эл аралык пресс-тур Таш Рабат кербен-сарайын көрүү менен жыйынтыкталды. Иш-чаранын алкагында катышуучуларга тарыхый архитектуралык эстеликтин тарыхы, анын Улуу Жибек жолундагы мааниси жана бүгүнкү күндө туристтик объект катары аткарып жаткан ролу тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан сырткары, коноктор үчүн улуттук оюндар уюштурулуп, кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын жана көчмөн турмушун чагылдырган сахналаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.
Пресс-турдун жыйынтыгы аймактын тарыхый-маданий мурастарын даңазалоого, эл аралык деңгээлде туристтик байланышты чыңдоого жана Нарындын туристтик потенциалын жайылтууга багытталды.