16 декабрь 2024
Кароолор: 139
УКМК: паракорлор аесуз жазаланат

2025-жылдын январь айында УКМК тарабынан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Эгер мыйзам бекисе, пара бергени далилденген жаран жоопкерчиликтен штраф менен кутула албайт. Пара сунуштоо фактысы далилденсе 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мамлекетке зыян алып келсе мал-мүлкүн конфискациялоо, кызмат ордунан бошотуу же 5 жылдан 8 жылга чейин камакка алынат.
Мындай маалыматты бүгүн, 16-декабрда билим берүү тармагында коррупциялык көрүнүштү алдын алуу боюнча жыйында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери билдирди.
Жыйынга КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Атажанов, КР УКМК Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери Нурдоолот Абдрахманов, Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Сапарбек Асаналиев, акимдин, мэрдин орун басарлары, окуу жайлардын жетекчилери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, билим берүү бөлүмдөгү эсеп-кысап жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматкерлер, мектеп директорлору жана бала бакча башчылары катышты.
УКМК Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Атажанов өлкөнүн мамлекеттик саясатына ылайык билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканын маалымдады. Мамлекет тарабынан курулуш, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын жана айлык маяналар көтөрүлгөнүн белгилеп, аны менен катар мамлекеттин талаптарына токтолду. Билимдүү адам кылмыштуулукка барбасын белгилеп, билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча бир канча иштер аткарылып жатканына токтолду. Нарын мамлекеттик университетинин чет элдик жарандарды окутуу процессине байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча жоопкерчиликтен качуу максатында окуу жайдын айрым жетекчилери УКМК кызматкерлерине 4 миң АКШ долларын сунуштап жаткан жеринен колго түшүргөнүн эске салып өттү. Мындан тышкары, аталган окуу жайда көп жылдан бери орун алып келген кылмыш иштеринин бети ачылганын, башка облустагы илимдин профессорлорун НМУга формалдуу түрдө жумушка каттаганын айтты. Айлык акысын НМУнун жетекчилери алып жүргөнүн жана бул факты боюнча ректор, мурдагы ректор, проректор жана институттун директору камалып, 6 млн сомго жакын келтирилген чыгым мамлекетке кайтарылып берилген. Учурда дагы окуу процессинде орун алган коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында тиешелүү иш чараларды көрүүгө чакырды.
Андан сырткары, айрым мектептердеги акча чогултуу, ата-энелер фонду, оңдоп-түзөөлөргө деген шылтоо менен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары орун алууда. Мындай көрүнүштөргө жол берип жаткан мектеп директорунун жоопкерчилигин эскертип, катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Мурда бала бакчаларга киргизүү үчүн 5-10 миң сомго чейин ата-энелерден талап кылуу кадимки көрүнүшкө айланып калганын айтты. Азыр андайларга жол берилбейт. Көзөмөл күндөн күнгө күчөйт.
Ал эми КР УКМК Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери Нурдоолот Абдрахманов билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрүнүн негизгиси бюджеттик каржыны туура эмес пайдалануу, пара алуу, кадр саясатынын коррупцияланышы, мамлекеттик сатып алууларда мыйзам бузуулар экенин айтты. Мындай терс көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында Кылмыш жана жаза кодексинде Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар боюнча 42-главадагы беренелерге токтолду. Анда айып пул төлөп кутулуп кетсе болору жазылган. Ал эми 2025-жылдын январь айында УКМК тарабынан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Эгер мыйзам бекисе, мында штраф менен кутулуп кетүү мүмкүн болбойт. Жогорудагы айтылган пара сунуштоо фактысы далилденсе 2 жылдан 5 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу каралган. Мамлекетке зыян алып келсе мал-мүлкүн конфискациялоо, кызмат ордунан бошотуу же 5 жылдан 8 жылга чейин камакка алынарын маалымдады.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү билим берүү мекемелери менен биргелешип иш алып барып, коррупциялык схемаларга бөгөт коюунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүнө дыкат текшерүү керектигин айтты. Мындан тышкары, ички көзөмөлдү күчөтүү, мугалимдер жана административдик кызматкерлерди мыйзам бузууларга жол бербөө сунуштары айтылды. Билим берүү мекемелеринин өнүгүшүнө карата каражаттарды сарптоону көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү чараларын күчөтүүгө багытталган ишти улантуу мерчемделди.
Облус башчынын орун басары Ш.Абдырайым уулу жергиликтүү бийликтин коррупцияга каршы күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүн билдирип, бардык кызыкдар тараптардын тыгыз кызматташуусу аркылуу билим берүү тармагындагы абалды жакшыртууда маанилүү натыйжаларга жетүүгө болорун белгиледи. Ал ошондой эле билим берүү мекемелериндеги коррупцияга каршы күрөш системалуу жана узак мөөнөттүү болушу керектигин, бардык бийлик деңгээлдеринин жана коомдун активдүү катышуусу маанилүү экенин баса белгиледи.