04 ноябрь 2024

Кароолор: 21

УКМКнын төрагасы К.Ташиев Нарын шаарында спорт комплексине мезгил кутучасын салды

4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында иш сапары менен болуп, бир катар социалдык обьектилерде элдин социалдык абалынан кабар алды.

Иш сапарынын алкагында К.Ташиев Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багында курулушу башталып жаткан спорт комплексине мезгил кутучасын салды.

Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев кара күч колдонуп, зордук-зомбулук кыла турган заман өткөнүн, азыр бардык нерсе мыйзам чегинде болоорун, спортсмендер бандит же хулиган эмес, мамлекеттин туусун бийик көтөрүп, ар намысын сактаган инсандар болушу керектигин баса белгиледи. Ушул спорт комплексинен мамлекетибиздин ар-намысын коргогон күчтүү спортсмендер чыгышын тилек кылып, курулуш ишинин сапатын өзү көзөмөлгө алаарын айтты.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Президентибиздин жетекчилиги менен элге бардык социалдык шарттарды түзүп берүүгө аракет көрүлүп жатканын айтып, кийинки жылы Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадиону оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп берилээрин билдирди.

Иш чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын коомчулугу, спортчулар катышты.

Белгилей кетсек, курулушу башталып жаткан спорт комплекси С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу эркин күрөш менен машыктыруучу комплекс болот. Имарат 2 кабаттуу болуп, бардык заманбап шарттар каралат. Курулуш иши кийинки жылдын сентябрь айында аяктаары мерчемделүүдө. Спорт комплексин салууга Нарын шаарынын тургуну, жеке ишкер А.Моңолов тарабынан демөөрчүлүк көрсөтүлүүдө.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.