27 декабрь 2023
Кароолор: 305
Укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды

27-декабрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Нарын облусунун координациялык кеңешинин отуруму болду.
Жыйындын күн тартибинде Нарын облусунун улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, облустун тышкы жана ички коркунучтарын алдын алуу жана аларды жоюуга багытталган Нарын облусунун региондук Программасын ишке ашыруу багытында аткарылып жаткан иштердин абалы каралды.
Программаны ишке ашыруу боюнча терроризм жана диний экстремизмди алдын алуу; чек ара коопсуздугун камсыз кылуу; коррупцияны, кылмыштуулукту (уюшкан кылмыштуулукту) алдын алуу; агартуу, демографиялык кырдаал, жумушсуздук жана ички, тышкы миграция маселелери; суу-энергетикалык коопсуздук, экономикалык коопсуздук; экологиялык коопсуздук; өзгѳчѳ кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чѳйрѳлөрүндө жасалып жаткан иштер, айрым кемчиликтер кеңири талкууга алынып, чечим кабыл алынды.
Координациялык кеңештин отурумун КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров алып барды. Иш чарага облустагы укук коргоо, коопсуздукту сактоо органдарынын жетекчилери, райондордун акимдери, шаардын мэри жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, координациялык кеңештин мүчөлөрү катышты.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.