30 апрель 2026
Кароолор: 8
“УЛУТТУК ЖАШЫЛ МУРАС” ӨНӨКТҮГҮ НАРЫНДА ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

Ыйгарым укуктуу өкүл 30-апрель күнү Нарын районундагы Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркынын “Кур-Сай” аймагында жаңы түптөлүп жаткан паркка көчөт отургузуу иш-чарасына катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров демилгелеген “Улуттук жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында уюштурулуп, жалпы аянты бир жарым гектарга жакын жерге 1200 түп көчөт отургузулду.
Белгилей кетсек, аталган өнөктүктүн алкагында быйылкы жылга облус боюнча 100 миңден ашык көчөт отургузуу пландалган. Учурда анын 70 миңден ашыгы отургузулуп бүттү.