21 декабрь 2023
Кароолор: 331
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тукеш Токтомушев дүйнө салды

Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында Нарын шаарынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Нарын облусунун, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” Тукеш Токтомушев 101 жашында дүйнөдөн кайтты.
Токтомушев Тукеш 1923-жылы 3-мартта Тянь-Шань районунун Калинин колхозундагы Ворошилов айылында жарык дүйнөгө келген. 17 жаш курагында (8-классты окуп жаткан кезинде) 1942-жылдын апрель-май айларында Улуу Ата мекендик согушка чакырылган. Россия Федерациясынын Краснодар крайынын Томск шаарында 188мм пушка боюнча 2 айлык сержанттык окуудан өтүп, согушка кирип, 1943-жылы согуш талаасында денесинен жаракат алган. 1944-жылы кайра чакыртылып, Ыраакы Чыгыш фронтунда кызмат өтөгөн. 1945-жылдын февраль айында ден-соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, өзү туулуп өскөн айылына келип, оорукта кызмат өтөй баштаган.
Тукеш Токтомушев Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1948-жылы Россия Федерациясындагы Омск шаарында «СоюзЗаготЗерно» индустриалдык техникумунда билим алып келген. 1949-1954-жылдары Тянь-Щань облустук даярдоо конторасында жетекчилик кызматты аркалаган.
1954-жылы Жаңы жерди өздөштүрүү боюнча Кыргызстан Борбордук Комитетинин жолдомосу менен Чуй облусунун Суусамыр өрөөнүндө дың жерлерди өздөштүрүү ишине активдүү катышып, эмгеги бааланып СССР Жогорку Кенешинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
1962-жылдан тартып Советтер Союзунун коммунистик партиясынын мүчөсү болгон.
1958-1966-жылдары Жол жана транспорт министирлигинин жолдомосу менен Ак-Талаа автобазасын уюштуруп, 8 жыл жетектеген. 1966-1975-жылдары Ат-Башы автобазасында жетекчилик кызматты аркалаган.
Эмгектеги жетишкендиктери, жылдык план тапшырмаларын 100-105 пайызга аткаргандыгы үчүн 1970-1972 жылдары 1-2-даражады «Социалистик мелдештин женүүчүсү» медалы менен сыйланып, Кыргыз автомобиль жана жол министирлигинин «Ардак тактасына» Т.Токтомушев жетектеген Ат-Башы автобазасынын эмгек жамааты татыктуу болгон.
1972-жылы Ат-Башы районунун климаттык шартынын оордугун эске алуу менен Кыргыз ССРде биринчи жолу Түндүк полюсуна ылайыкталган кышкысын жылуу 100 автомашинага эсептелинген автобаза курулуп, курулушту толугу менен бүтүрүп, өткөрүп алган.
1970-1973-жылдары Ат-Башы райондук аткаруу комитетинин бюро мүчөсү, Ат-Башы райондук ХХV-ХХVI чакырылыштардагы жергиликтүү кенешинин депутаты болгон. 1976-жылдан тартып Нарын облустук «НарынДанАзык» НКХП комбинатынын директорунун орун басары болуп эмгектенген.
Тукеш Токтомушевдин эмгеги учурунда бааланып, В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалы, “Эмгектин ветераны” наамы, Улуу-Ата мекендик согуштун 60 жылдыгына карата Россия Федерациясы тарабынан «Г.К.Жуков» атындагы медаль жана башка бир катар сыйлыктар менен сыйланган.
Байбичеси экөө үй-бүлөдө 6 уул, 2 кызга, небере-чөбөрөлөрүнө, кыбыраларына татыктуу билим-тарбия берип, эрезеге жеткиришкен.
Тукеш Токтомушев Улуу Жеңиштин каарманы, мекенчилдиктин үлгүсү, нарк-насилдүү, адамкерчилиги бийик инсан катары эли-журтунун эсинде калды.
Токтомушев Тукеш атанын үй-бүлөсүнө, балдарына, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
А.Эргешов, А.Сапаров, Н.Сатаров, Ж.Беккелдиев, К.Атажанов, С.Асаналиев, Б.Жакиев, К.Тутуев, А.Мамбетисаев.