12 июль 2024
Кароолор: 240
Улуу Британия менен кызматташтык бекемделет

12-июлда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү Мэтью Кэринс жана Чарли Моррис мырзаларды кабыл алды.
Жолугушууда Улуу Британия мамлекети менен билим берүү, экономика, туризм тармактарында кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.