25 март 2025

Кароолор: 53

УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА ДАЯРДЫК

Нарын облусунда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 1 катышуучусу жана ооруктун 12 ардагери бар.

Бул тууралу бүгүн, 2025-жылдын 25-мартында, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата даярдык маселелерине арналган жыйында маалымдалды.  КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Адыл Сапаровдун жетекчилиги алдында өткөн жыйынга тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

Даярдыктын алкагында иш-чаралардын сценарийи каралып, анын ичинде “Өлбөс полк” жөө жүрүшү, аскердик парад, техникалардын парады жана театрлаштырылган концерттик программасы болору айтылды. 

 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын  сүрөттөрүн көтөргөн жергиликтүү тургундардан турган “Өлбөс полк”  жөө жүрүшү “Тянь-Шань” паркындагы өчпөс оттон баштап шаардын борбордук аянтына чейин болот. Мындан тышкары, аскердик техникалардын парады өткөрүлүп, анда аскер күчтөрүнүн жетишкендиктери жана согуш мезгилиндеги баатырдыкты чагылдырган театрлаштырылган көркөм программа көрсөтүлөт.

«Биздин милдетибиз — эркиндигибиз үчүн согушкан баатырларды эстеп, урматтоо. Биз бул маанилүү иш-чарага татыктуу даярдык көрүп, тарыхты сактоо жана келечек муунга тынчтыктын маанилүүлүгүн жеткирүүбүз керек», — деп белгиледи Адыл Сапаров.

Жыйналышта иш-чараларды уюштуруунун ирети, коопсуздугу жана бардык катышуучулардын аракеттеринин координациясы тууралуу да талкуу жүрдү. Мааракелик иш-чараларга даярдык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштешүү аркылуу улантылат. 

Улуу Ата Мекендик согуштун 80-жылдыгына арналган иш-чаралар бардык район борборлорунда коопсуздук чараларына ылайык өткөрүлөт.