31 август 2025

Кароолор: 8

Урматтуу биздин баракчанын катталуучулары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Бул күн ар бирибиздин жүрөгүбүздө өзгөчө мааниге ээ. Себеби, эгемендүүлүк биздин эркиндиктин, мамлекеттүүлүгүбүздүн жана келечекке болгон бекем ишенимибиздин символу. Эгемендүүлүктүн аркасында элибиз эч кимге көз каранды болбой, өлкөбүз өз алдынча өнүгүп жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз.

Айрыкча соңку жылдары өнүгүүгө карай олуттуу кадамдар ташталып социалдык, экономикалык жана инфраструктуралык өзгөрүүлөр өлкөнүн бардык аймактарында байкалууда. Бул жаатта Нарын облусу да унутта калбай, өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевичтин колдоосу менен бир топ долбоорлор башталды.

Атап айтсак, быйылкы жылы эле облусубузга 15 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, 127 социалдык, өндүрүштүк жана инфраструктуралык ири долбоорлор ишке ашууда. Быйылкы эгемендүүлүк күнүнө карата 7 социалдык жана 8 өндүрүштүк объект толук курулуп бүтүп, пайдаланууга берилүүдө.

Мына ушундай өнүгүү жолуна түшкөн эгемен өлкөбүздү, ата-бабаларыбыздан калган улуу мурасты келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Сиздерди дагы бир ирээт Эгемендүүлүгүбүздүн 34 жылдыгы менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз! Ар бир үй-бүлөгө тынчтык менен токчулук, ынтымак менен береке, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Эгемендүүлүк майрамыбыз куттуу болсун, урматтуу нарындыктар!