09 июль 2025

Кароолор: 2

ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛ НУРБЕК САТАРОВ АР ШАРШЕМБИ САЙЫН ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛАТ

Бүгүн, 9-июлда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров облустун ар тарабынан келген жарандарды кабыл алып, сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн укту.

Айрымдарын дароо тапшырма берип чечсе, айрым маселелерди жеринде карап андан соң чечүүгө тиешелүү кызматкерлерине тапшырма берди.

Эгер сиз да облус башчысына көйгөйлүү маселе менен кайрылууну кааласаңыз Нарын шаары Ленин көчөсү 76 дарегине келип же 03522 5-14-80 байланыш номерине кайрылсаңыз болот!