23 июль 2025
Кароолор: 9
ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛ ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫН ЖЕКЕ КАБЫЛ АЛЫП, МАСЕЛЕЛЕРИН УКТУ

Облус башчысы Нурбек Сатаров жарандарды кабыл алуу күнүнүн алкагында бүгүн 23-июль күнү бир катар тургундарды жеке кабыл алып, алардын кайрылууларын укту.
Жарандар негизинен жер маселелери, жайыт пайдалануу жана турак жай куруу үчүн жер тилкесин алуу боюнча кайрылышты.
Облус жетекчиси ар бир кайрылууга кылдат көңүл буруп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берип, маселелерди мыйзам чегинде жана ыкчам чечүүнү тапшырды.