04 август 2025
Кароолор: 3
ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛДҮН АППАРАТЫ КАН ТАПШЫРУУГА ЫКТЫЯРДУУ ДОНОР КАТАРЫНДА ТЕКШЕРИЛДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 4-августунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касмалиевдин тапшырмасына ылайык, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери ыктыярдуу кан тапшыруу өнөктүгүнө катышуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, аппараттан 10 кызматкер кан тапшырууга жарактуу деп табылып, жакынкы күндөрү ыктыярдуу донор катары кан берүү иштерине катыша турганы белгилүү болду.