26 май 2026

Кароолор: 8

ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛДҮН АРАКЕТИ МЕНЕН НАРЫНДЫК ЭКИ ДАРЫГЕР АНКАРАДА АКЫСЫЗ ОКУШАТ

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровдун Түркия Республикасына болгон буга чейинки иш сапарынын негизги жыйынтыктарынын бири катары Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын эки дарыгери 26-май күнү Түркиянын Анкара шаарына акысыз окууга жөнөтүлдү.

Окуу программасынын алкагында дарыгерлер түрк медицина адистери менен тажрыйба алмашып, кесиптик билим деңгээлин жогорулатышат.

Окууга жөнөп жаткан медицина кызматкерлери менен Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Контролдоо жана инспектордук иштер башкармалыгынын башчысы Курманбек Кудайбергенов жолугушуп, мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, алынган тажрыйбаны Нарын облусундагы саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгын белгиледи.