15 октябрь 2025

Кароолор: 6

ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА БОЛДУ

Иш сапардын алкагында мамлекеттик бюджеттин жана Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен аткарылган жана аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

“Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан район боюнча жалпы 110,5 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, анын 93 млн. сому социалдык долбоорлорго, 17,5 млн. сому экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга берилген.

Өкүл курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп, сапатты жогорулатуу жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.