15 июль 2025
Кароолор: 12
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Калыгулов Адилет Каныбекович “Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика” башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Бул башкармалык заманбап шарттарга ылайык, облустун өнүгүүсүнө багытталган реформаларды ишке ашыруу, санарип тармагын өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү жана креативдүү экономика тармагында артыкчылыктуу багыттар боюнча иш жүргүзөт.
Башкармалык креативдүү идеяларды илгерилетүү, мамлекеттик башкарууда инновацияларды киргизүү жана санариптик трансформация аркылуу жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган демилгелерди ишке ашырууну көздөйт.