05 январь 2025
Кароолор: 17
Жаңы спорт залдын ачылышы: жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жана ден соолугун жакшыртууга маанилүү кадам

Бүгүн, 2025-жылдын 5-январында, Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылында жаңы спорт залдын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышып куттуктоолорун жолдошту.
Спорт зал айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү программасынын алкагында курулуп, жергиликтүү жашоочулардын ден соолугун чыңдоого өбөлгө болмокчу.
А.Эргешов айыл тургундарын имараттын ачылышы менен куттуктап, айыл жеринде ден соолукту жана активдүү жашоо образын сактоодо мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул спорт зал жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Имарат спорт менен алектенүү үчүн гана эмес, ошондой эле айылдын маданий борбору болуп, ар кандай иш-чаралар, мелдештер жана машыгуулар өткөрүлөт деген ишенимдебиз», — деди облус башчы.
Иш-чара учурунда биринчи машыгуулар өткөрүлүп, жергиликтүү балдар жана жаштар үчүн тажрыйбалуу машыктыруучулар менен мастер-класстар уюштурулду. Жаңы спорт зал күрөшкө керектүү каражаттар менен жабдылган.
Спорт залдын ачылышы жергиликтүү калктын ден соолугун чыңдоого, социалдык активдүүлүктү арттырууга жана ошондой эле айыл жеринде спортту өнүктүрүүгө түрткү болот деп күтүлүүдө. Спорт залдын курулушуна стимгранттан жана айыл өкмөтүнөн каражат бөлүнүп, жалпы 8 млн 884 миң сом каражат жумшалды.