27 декабрь 2023
Кароолор: 305
Жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барылат

Алдыдагы жаңы жыл тосуу майрамына карата Нарын обустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
Бүгүн, 27-декабрда Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нарын облусук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы саптык кароодон өттү. Иш чара учурунда өздүк курамдын даярдыгы, кызматкерлердин кийип жүргөн формаларынын жылуулугу, автоунаалардын техникалык абалы текшерилип, ар бир отряд тиешелүү буйруктар менен тааныштырылды.
Саптык кароого катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, алдыдагы майрам күндөрүндө облустун аймагында коомдук тартипти, тынчтыкты, мыйзамдуулукту, жарандарыбыздын бейпил жашоосун эч кынтыксыз камсыздап берүүлөрүнө ишеними зор экенин билдирди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.