10 май 2024
Кароолор: 316
Жарандык коргонууу штабынын кезексиз отурумунда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу тапшырмалары берилди

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровдун жетекчилиги менен облустук Жарандык коргонуу штабынын кезексиз отуруму өткөрүлдү.
Штабдын отурумунда бардык райондордогу өзгөчө кырдаалдардын абалы боюнча ыкчам маалыматтар берилди.
Катуу шамалдан улам Ат-Башы районунда 5 адам жабыркап, 10дон ашык имараттар материалдык зыянга учураган.
Ал эми Нарын шаарында 1 турак үйдүн чатыры шамалдан жабыр тарткан.
Ошондой эле Ак-Бечел суу алуу жайында Нарын шаарынын калкынын 70 пайызын ичүүчү таза суу менен камсыздаган "Ак Бечел" башкы суу алуу жайында күндүн жылышынан улам суунун басымы кескин көбөйүп, суу нугунан чыгып, башка суу курулмаларына коркунуч жаралган.
Адыл Сапаров облустун аймагында катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча Жарандык коргонуу штабынын бардык кызматтарына тиешелүү тапшырмаларды берди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.