25 февраль 2025

Кароолор: 32

ЖАЗГЫ ТАЛАА ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫК

Нарын облусунун жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшүнө даярдык көрүү жана аны өз убагында өткөрүүгө КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун атайын буйругу чыгарылып, облустук штаб түзүлгөн. Аны менен иш-чаралар планы бекитилип, тийиштүү облустук мекеме-ишканалар, райондордун жетекчилиги тарабынан аткарууга алынууда.

Жазгы айдап-себүү иштери Нарын облусунда адатта 15-20-апрелден башталат. Быйыл облуста жалпы 44 миң 45 га айдоо аянтын өздөштүрүү пландалган.

Бүгүнкү күнгө жазгы айдап-себүү жумуштарына керектелүүчү материалдык жана техникалык каражаттар менен камсыздалып жатат. Атап айтсак, 

  • айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн топтолушу жалпы 6953,8 тонна керектелсе, учурда болжолдуу 6518,8 тонна даяр;
  • минералдык, органикалык жер семирткичтерден 18849 тонна керектелет (азот- 9322 т, фосфор-7932 т, калий 1595 т.);
  • күйүүчү-майлоочу майлардын болжолдуу жалпы керектөөсү 1765,6 тоннаны түзөт;
  • облус боюнча 1998 айыл чарба техникалары бар, мунун ичинен 1485 техникасы оң абалда, ал эми калганы оңдоо же жаңы техника менен толуктоо иштери жүрүүдө;
  • суу чарба башкармалыгынын тейлөөсүндө жалпы 754 км чарбалык каналдар бар, анын ичинен 44 км каналды тазалоо иштерин жүргүзүү күтүлүүдө;
  • айыл өкмөттөрдүн балансындагы ички чарбалык каналдар жалпы 3008,39 км бар, жаз алды менен анын 1203,3 км тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Ал эми күзгү ным топтоо мезгилинде жалпы 18500 га жер сугарылган. Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу боюнча капиталдык салымдар беренеси аркылуу 61 млн 182 миң сом каржыланып, 268,5 га жерге жаз айларында системаны орнотуу иштери башталат.