01 апрель 2024

Кароолор: 12

Жазгы талаа иштерине даярдык башталды

1-апрель күнү КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Нарын облусунун айыл чарба штабынын отуруму өткөрүлдү.

Жыйында жазгы талаа жумуштарына даярдыктын абалы, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу маселелери каралды.

Отурумда айыл чарба мекемелеринин жетекчилери тарабынан жазгы талаа жумуштарына даярдыктын абалы, дыйкандарды үрөн, техника, күйүүчү май, сугат суулары менен камсыздоо маселелери боюнча маалыматтар угулду.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров акимдерге, айыл өкмөт башчыларына жана айыл чарба мекемелеринин жетекчилерине жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта алып баруу, тоюттун сапаттуулугун жакшыртуу максатында жүгөрү аянттарын кеңейтүү, ирригация маселелерине өзгөчө көнүл буруп, жазгы өнөктүккө даярдоо тапшырмаларын берди.

Ошондой эле жетекчилик тарабынан быйыл экологияны сактоо, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндурүү максатында “Бир адам – бир көчөт” акциясын колго алып, 300 миң көчөт отургузуу, райондордун, шаардын, айыл аймактарынын кире бериштерин, туристтерди тейлей турган жайларды, мүрзөлөргө барчу жолдорду ирээтке келтирүү, чоң жолдордун боюна бак-дарактарды отургузуу, селдин алдын алуу максатында арыктарды, каналдарды тазалоо иштерин тез арада колго алуу милдеттендирилди. Айыл аймактарында түзүлгөн муниципалдык ишканаларды иштетүү тапшырмасы берилди.

Маалымат үчүн айта кетсек, быйылкы жылы Нарын облусунда 111 миң 419 гектар жер иштетилээри пландалууда. Анын ичинен 29 миң 322 гектарга дан эгиндери (7611 гектарга буудай, 20301 гектарга арпа, 1400 гектарга жүгөрү, 10 гектарга таруу, 280 гектарга сафлор), 76 миң гектарга жашылча жана чөп өсүмдүктөрү (6064 гектарга картошка, 487 гектарга жашылча, 3306 гектарга бир жылдык чөп, 2653 гектарга көп жылдык чөп) айдалмакчы.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.